Токтогулда милиция кызматкерлери 20 жаштагы жигитти эс-учун жоготкончо сабаганы айтылууда

3-апрелде Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлерине 2-апрелде кармалган 2003-жылы туулган жарандан Өзгөрүш айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана аймактык тескөөчүсү тарабынан кыйноого кабылганы тууралуу маалым түшкөн. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти. 

Арыз ээсинин кароо учурунда мойнунда, көкүрөгүндө жана колдорунда көгөргөн тактар бар экен аныкталган. Арыз ээсинин айтымында, милиция кызматкерлери аны чыканактары менен көкүрөгүнө уруп, колу менен муунтуп, натыйжада ал бир нече жолу эсин жоготкон. Мындан тышкары, аны дубинка менен зордуктайм деп коркутушкан. Кыйноонун максаты арыздануучу өзү жасабаганын айткан бир нече кылмышты мойнуна алуу экени белгилүү болгон.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору кыйноо фактысын каттап, бардык маалыматтарды прокуратурага өткөрүп беришкен.