Токтогулда милиция сууга чөгүү жана кырсыктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Токтогул милициясы тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы менен Токтогул шаарынан алыс жайгашкан айылдарда жашаган жарандардын кайрылуусун кабыл алуу менен бирге, тиешелүү кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусунда кооптуу делген аймактарында сууга түшүп чөгүп кетүү жана башка күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, Токтогул районунун аймагында Токтогул РИИБдин Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, топтошуп мушташуунун алдын алуу максатында бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө балдардын болжолдуу чогулган жерлери текшерилип жана түнкү мезгилде жүргөн өспүрүмдөр аныкталган.

Алар менен Токтогул РИИБде түшүндүрүү иштери жургүзүлүп, балдардын ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлгөн.