Токтогулда ымыркай дарыгерлердин шалаакылыгынан колунан ажыраганы айтылууда

Токтогулдагы дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан жаңы төрөлгөн ымыркай колунан ажырады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

«Дарыгерлер жаңы төрөлгөн балага укол сала албай сыртына кетирип коюшуп, кайра кармап олтуруп алышып, акыры болбой калганда Бишкекке алып келишкен. Бишкектеги Жал кичи районундагы балдар ооруканасынын дарыгерлери урушуп, аргасыз бөбөктүн колун кесилгени маалым болду. Мындай учурда тиешелүү дарыгерлер жоопко тартылбаганы сындалууда», — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат бере элек.