Токтогулдагы кармоочу жайда сабалганы айтылган жигит боюнча милиция өз далилдерин көрсөттү

Буга чейин Кыйноолорду кабыл алуу борбору Токтогулда милиция кызматкерлери 20 жаштагы жигитти эс-учун жоготкончо сабаганын айтып чыккан. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБ үн катты.

«2-апрель күнү Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы мал базарга Таластан алып келинген уйду сатып кетип жаткан 2003-жылы туулган Талас шаарынын тургуну мал уурулукка шектүү катары кармалган.

Бул жаран Токтогул РИИБдин Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып аталган бөлүмгө алып барылган. Ошол учурда тартылып алынган сүрөттөрдө шектүүнүн мойнунда тактары бар экендигин байкоого болот. Ошондой эле мал сатып алган жарандар тарабынан тартылган сүрөттө дагы мойнундагы тактары байкалган. Шектүү жаран болжол менен 1 саат 30 мүнөттөй кармалып, Талас ШИИБдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Кармагандан кийин Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан эч кандай кыйноо болгон эмес. Кармалган учурда эле бул жарандын мойнунда тактары бар экени байкалган. Ошондой эле кармоо учурунда окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундар милиция менен кошо жүрүшкөн жана дагы кыйноолор болбогондугун тастыкташат. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган деген маалыматын четке кагабыз, анткени андай факты болгон эмес», — дешти.