Төлгөчү: «Быйыл түгөйсүздөр түгөй табат»

2024-жыл кандай жыл болот? Астролог, сюцай чебери, төлгөчү жаңырган жылга карата божомол айтышты.

Төлгөчү Мураткан Айдаров «быйылкы жыл берекелүү жыл болот» дейт. «Быйылкы жыл — толук жыл. Ошондуктан үй-бүлөлөр толук болушу керек. Үйлөнгөндөр бактылуу болот. Балалуу болгондор көп болот. Кыргыз элине өсүүчү жыл болушу керек. Экономикалык өсүш болот. Берекенин башаты көрүнүп жатат. Жаштар үчүн билимдин жылы болот. Быйыл оору азаят. Адамдардын капчыгы кеңейгенде ден соолукту карай башташат. Былтыр той-тамашанын чыгымы көп болду. Быйыл үнөмдөшөт. Менин баамымда жол кырсык, табият кырсык аз болот. 2024-жылы үй-бүлө, баш кошуунун жылы. Түгөйсүздөр түгөй табышат», — деди ал.