«Төлөй албасак өлөлүбү?». Бишкекте ККМге каршы нааразычылык акциясы өттү

Бишкектеги базарлардын сатуучулары кассалык машиналарды милдеттүү түрдө киргизүүгө жана ЭТТН колдонууга каршы кайрадан митингге чыгышты. 

Маалыматтарга караганда, Горький сейил багында 300дөй адам нааразылыгын билдиришти. Алар чекене соодага салык салуунун патент системасында калтырууну талап кылышып, колдоруна «өкмөт койгон пайызды төлөй албасак өлөлүбү?» деген жазуу кармап чыгышкан.

Буга чейин Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров менен кайым айтышып, жарандарга пенсия, жөлөк пулду «Баш мыйзамдагыдай төлөй албасак, өлөлүбү?» деген эле.