Тоң районунда төрөлгөн үч эмдин үй-бүлөсү жардамга муктаж

28-июнь күнү Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын 1986-жылы туулган тургуну Айбарчын Бегалиева 3 эмди жарык дүйнөгө алып келгени маалымдалган. Учурда 3 эм төрөлгөн үй-бүлө жардамга муктаж экендигин жеңеси Элмира Сулейманова СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

— 3 эм төрөгөн Айбарчын менен күйөөсү, кайним экөө ар кимдин малын багып, кашарда жашап, кээде биздикине келип жанын багып жүрүшчү. Айбарчын мектепте окуган эмес, билими жок. Кайнимдин тапканы деле көп эмес, үй-бүлөсүнө жетпейт. Учурда абысыным балдары менен Караколдогу ооруканада жатат. Балдар айына жетпей төрөлгөндүктөн дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Кызы Салтанат (алгач ага Сауле деген ысым ыйгарылып, кийин уйкаш болсун деп Салтанатка өзгөртүшөн) өз алдынча дем алып калды. Балдары азырынча жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат.

Айылдагылар кайнимдердин жашоо шарты начар, жардамга муктаж экендигин билишет да. Ошондуктанбы менден 3 эм төрөлгөндөн кийин жардам берилип жатабы деп көп сурашат. Элден айланса болот, такма жалаяктарына чейин сатып ооруканага алып барып жатышат. Акчалай менин картама которгондор бар. Айыл өкмөттөн 12 миң сом бөлүндү деп уктум, бирок ала элекпиз. Каракол шаарынын мэринин орун басары мени кабыл алып, үй алып берүүгө аракет кылабыз деди. Тоңдун Социалдык өнүгүү органдарынын кызматкерлери жөлөк пулду чыгартып беребиз дешти. «Кызыл ай» коому келип балдарга 3 айына 3 жарым миң сомдон бөлүп турабыз деп кетишти, — дейт Элмира Сулейманова.