Тоңдо 19 жаштагы кыздын жансыз денеси көл жээгинен табылды

иллюстрация

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси көлдүн жээгинде асылган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-октябрь күнү Тоң РИИБге арыз менен 1982-жылы туулган кайрылып, 19 жаштагы кызы ошол эле күнү Тоң районунун Эшперов айылынан чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. 19 жаштагы кызды издеп табуу максатында багыттамалар берилип, ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлгөн. Кечээ, 27-октябрь күнү саат 07:00 чамаларында Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Тоң айылынын “Эклап” пляжынын көл жээгинен навестин алдында белгисиз кыздын асылып турган жансыз денеси табылгандыгы боюнча Тоң айылынын тургуну билдирген.

Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда дайынсыз жоголуп жаткан 19 жаштагы кыз экендиги аныкталып, жансыз дененин сырткы кароодо мойнундагы жиптин тагынан башка криминалдык тактар байкалган эмес. Анын жансыз денеси Тоң райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.