Кыргызстандагы пакистандык студенттер федерациясы Кыргыз өлкөсүндө алар корголгонун сезбей жатышканын айтып, бийликке кайрылышты. Бул тууралуу федерациянын соцтармактагы баракчасына жарыяланды.
«Кыргызстанда күн сайын чет элдик студенттерди тоноп, сабаган учурлар көбөйдү. Мында билим алып жаткан студенттер бул өлкөдө өздөрүн коопсуз сезбей калды. Кечээ эки пакистандык студент жергиликтүү тургундар тарабынан сабалып, тонолду. Биз Кыргызстандын бийлигинен бул өлкөдө билим алып жаткан пакистандык студенттердин коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүнү суранабыз. Аталган мамлекетте билим алып жаткан чет элдик студенттердин санын эске алуу менен милиция бөлүмүндө англис тилинен котормочу болушу керек», — деп жазылат маалыматта.