Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда, ошондой эле айрым унаа жолдорунда жер көчкү жүрүшү мүмкүн.
Учурда Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаап жатат, жолдор ачык жана каттам бар. «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө ишканалары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык зарыл чараларды көрүүдө. Бардык зарыл техника жана жабдуулар менен толук камсыздалган. Ошондой эле жолдорду өз убагында иштетүү үчүн кум-туз аралашмасы сыяктуу инерттик материалдардын жетиштүү запасы түзүлгөн.









