Төө-Ашуу менен Ала-Белде унаа кыймылына чектөө киргизилет

«Бишкек-Ош» унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматына  ылайык, 16-марттан 18-мартка чейин Бишкек- Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаашы күтүлөт. Жол кырсыктарын алдын алуу, адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык зыян келтирилген жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт. Ага байланыштуу 17-март күнү эртең мененки саат 06.00дөн, кечки саат 22.00гө чейин Бишкек — Ош унаа жолунун аталган бөлүгүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы багыт боюнча пландаштырылган сапарын кийинкиге калтырууну суранат.