Төө-Ашууда жааган карга байланыштуу оор жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди (видео)

Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Аба ырайы турукташканга чейин жолго чыкпоону суранабыз! Төө-Ашууда бороон уруп, кар жаап жатат. Техника, жолчулар жеринен иш алып барууда. Оор жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди», — деп айтылат маалыматта.