Төө-Ашууда кар жаап жатат. Жеңил унааларга гана жол ачык

Бүгүн, 11-апрель таңкы саат 05:00ке карата Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

125-138-195-209 чакырымдарында туз, кум аралашмасын чачуу иштери жүрүп жатат. Каттам жеңил унаалар үчүн бар. Оор жүк ташуучу унааларга чектөө алына элек.