Төө-Ашууда кар жаап жатат (видео)

Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

«Бишкек-Ош унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унааны кышкы дөңгөлөккө өтүүсүн, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сакташы зарыл экендигин жана карама-каршы тилкеге жыкпай айдоону эскертет»,- дешти.