Төө-Ашууда өрттөнгөн унаа. Депутат каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө жардам берилиши керектигин айтты

27-октябрда Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаанын катышуусунда кырсык болгон. Анда Бишкек шаарына иш сапары менен келишкен Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери айдоочуга өрт өчүрүүгө жардам берүүгө аракет кылып, каза болгон. Эки офицердин үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөбү? Мындай суроо бүгүн, 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов тарабынан айтылды.

Ал кагаз түрүндө жооп күтөрүн айтып, протоколдук тапшырма берди.