Төө-Ашууда тоннелде 10 күнгө унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет

Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

«Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери жүрөт. Мындан улам 19-майдан тарта аталган тоннель аркылуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дөн 08:00гө чейин, 10:00дөн 12:00гө чейин, 14:00дөн 16:00гө чейин жол жабык болот. Аталган аймакта жол коопсуздугун инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет», — дешти.