Төө-Ашууда туман каптап, кар жаап жатат (видео)

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коосуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол инспекторлору айдоочуларды Бишкек-Ош унаа жолунда жүрүүдө бардык коопсуздук жол эрежелерин так сактоого чакырды.