Төө-Ашуудагы туннелде оңдоо иштери аяктады. Унаалардын өтүүсүнө чектөө жок

Төө-Ашуу ашуудагы Көлбаев атындагы туннелде жол оңдоо иштери аяктады. Унаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөөлөр жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«7-июлдан 9-июлга чейин, ошондой эле 15-17-июлга чейин күйүп кеткен электр кабелин алмаштыруу жана вентиляция системасын калыбына келтирүү иштерине байланыштуу туннелде унаалардын өтүүсүнө айрым учурларда чектөө киргизилген. Оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 2022-жылдын 22-июлунан 27-июлуна чейин, ошондой эле 29-июлдан 7-августуна чейин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн чектөө киргизилген. Жакынкы аралыкта башка жолдорду оңдоо иштери күтүлүүдө. Айдоочуларга жол кыймылына чектөөлөр тууралуу алдын ала маалымат берилет», — деп билдирди министрлик.