Төө-Ашуудагы туннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду

12-13-июнь күндөрү Төө-Ашуудагы тоннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган. Маселе тез арада колго алынып, аймакты тейлеген жолчулар тарабынан түтүктөр тазаланып, суу кеткен эле. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Бүгүн, 14-июнда кайрадан абал кайталанып, тиешелүү техникалардын жардамы менен тазалоо иштери жүрдү. Азыркы тапта тоннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду. Тоннелдин ичиндеги жумуштар аягына чыкса, кийин мындай көйгөй жаралбайт.

Министрлик айдоочулардан алдын ала кечирим сурап, сабыр сактоого чакырат.