«Тооккананы үй кылып, 6 неберемди багам” деген апага 10 миң доллар берилди

SUPERTV телеканалы 19-октябрь күнү Бишкектеги Ош базарынын айланасында 6 небереси менен күн кечирген Алимахан Төлөнбаеванын баянын тарткан.

«Кызым 5 баласын мага калтырып, иштейм деп кеткен бойдон дайынсыз. Балдардын кичүүсү 2 жашта. Биз баш калкалап жаткан жер мурда тооккана, сарай катары пайдаланылган экен. Жаан-чачында шыбынан суу агып, туш тарабынан шамал аркырап кирип жатат. Жакшыраак жайга көчсөк, кызым кайтып келсе экен деген тилегим күч» дейт ал.

«Башында бул жер тооккана болгон экен. Ээси да батирге эртерээк чыккыла, бул жерди бузам деп жатат. Батирге чыгайын десем, кичинекей балдар менен эч ким бербейт экен. Сууну кошунаныкынан алып келебиз.

10 жылдан бери Бишкекте жашайм. 65 жаштамын. 6 неберемдин бешөө кызымдыкы, бирөө уулумдуку. Кызымдын биринчи турмушунан 2, экинчисинен 2, үчүнчү турмушунан 1 баласы бар. Кызым үчүнчү жолдошун ээрчип кеткен бойдон жок. Эң улусу 17де, кичүүсү 2 жашта. Уулумдун аялы кетип калган. Уулум келип, азык-түлүк алып берип турат», — деген апа.

Видео чыккандан 3 күндөн соң биздин редакцияга атын атагысы келбеген көрүүчүбүз кайрылып, Төлөнбаевага 10 миң доллар өлчөмүндө каражат бергиси келерин айтты. Биз көрүүчүбүз менен чогуу Төлөнбаеванын үйүнө барып келдик. «Видео чыккан соң 3 күн уктай албай койдум», — деди акча берген кыз.

«Мен мынча акчаны алып жүрө албайм. Банкка салып коём. Дагы чогулуп калса, үй алабыз. Видео чыккан соң 500 миң сом чогулуп, азык-түлүк да алып келип беришти. Баарына рахмат», — деди апа.