Тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн

31-марттан 1-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кар көчкү Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Кызыл-Бел-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) түшүүcү күтүлөт.