Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-мартта жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автоунаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.