Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашты

Жетишилген макулдашууга ылайык, 10-январдан 16-январга чейин Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты. Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.  Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.