Төрага эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын башкы директорун кабыл алды

Кечээ, 16-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “Human Appeal International” эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын башкы директору Аль Джамал Башарды кабыл алды. Анда Кыргызстан менен “Human Appeal International” эл аралык кайрымдуулук уюмунун ортосундагы кызматташтык маселелери жана биргелешкен долбоорлор тууралуу сөз болду.

Кайрымдуулук менен алектенген уюмдун Кыргызстанда жүргүзүп жаткан иштерине жогору баасын берип, ыраазычылыгын айткан Шакиев: “10 жылдан бери “Human Appeal International” калкыбыздын жашоо-турмушун жакшыртууга жигердүү салым кошуп, мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү мекемелерди курууга өзгөчө көңүл буруп келет. Айрыкча, аймактардагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана коронавирус илдетинин кесепеттерин жоюу жаатында уюм тарабынан чоң жардамдар көрсөтүлдү”, – деди.

Өз кезегинде “Human Appeal International” эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын башкы директору буга чейин калыптанган алакаларды өнүктүрүү зарылчылыгын билдирип, анын ичинен инвестиция тартуу жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты арттыруу маселелерине токтолду. Тагыраагы, балдарга билим берген эл аралык академия ачуу планы бар экенин айтып, ага аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарын, ата-энеси жок жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөрдү кабыл алууга артыкчылык берилерин кошумчалады.