Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар “Мурас” турнирине катышты (сүрөт)

Бүгүн, 14-декабрда футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири башталды. Эки күнгө созула турган спорттук иш-чарада 16 команда күч сынашууда. Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган мелдешке президент Садыр Жапаров башында турган жетекчилер, төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары жана өлкөдөгү бардык тармактардын өкүлдөрү катышууда.

Алгач “Жогорку Кеңеш” командасы В тайпасы менен боюнча “Бизнес” командасы менен ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Кийин “Достук” командасы менен күч сынашып, жеңилүү ызасын тартты.

Төрага Нурланбек Шакиев футболго кызыккандар жылдан-жылга көбөйүп жатканын белгилеп, айрыкча бул спорттун түрү жалпы элди ынтымакка чакырууда маанилүү роль ойноорун кошумчалады.

Эртең, 15-декабрда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өткөрүлөрү күтүлүүдө.