Төрага Нурланбек Шакиев эл аралык олимпиадада жеңишке жетишкен окуучуларды кабыл алды

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды. Казакстан тарабынан уюштурулган таймашка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 1200дөн ашуун окуучу катышып, кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жетишкен. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Нурланбек Шакиев алдыңкы орунду багынткан келечек ээлерин жеңиши менен куттуктап: “1200 окуучунун ичинен алдыга озуп чыгып, ийгилик жаратканыңарды укканыбызда абдан кубандык. Бул жеңиш талыкпай окуп, күнү-түнү изденгениңердин үзүрү деп билебиз. Андыктан, силердей билимдүү жаштарыбыздын бар экени өлкөбүздүн келечегинин кең экенинен кабар берет”, – деди.

Жолугушуунун алкагында жеңүүчүлөрдүн ар бирине Жогорку Кеңештин атынан заманбап планшеттерди тапшырды.