Төрага Нурланбек Шакиев жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу Япония парламентине көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Япониянын парламентинин эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Фукусиро Нукагага жана Кеңешчилер палатасынын төрагасы Оцудзи Хидэхисага аталган өлкөдө катталган жер титирөөдөн улам көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Япония мамлекетинде катталган жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан сиздерге, каза болгон маркумдардын жакындарына жана жалпы жапон элине көңүл айтып, табигый кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”,- деп айтылат көңүл айтууда.