Төрага Нурланбек Шакиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

“Акыркы жылдары кызматташтыгыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлүп, айрыкча туризм тармагындагы байланыштарыбыз кеңейүүдө. Бирок бул чек эмес. Экономиканын түрдүү багыттары боюнча алаканы арттыруу башкы максатыбыз болушу керек. Анткени, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз кең”, – деди төрага Нурланбек Шакиев.

Андан тышкары түз аба каттамдарын ачуу зарылчылыгын кошумчалаган Жогорку Кеңештин Төрагасы электрондук туристтик виза алуу шарттарын жеңилдетүүнүн да маанилүүлүгүнө токтолду. “Азыркы тапта эки өлкө ортосунда 20дан ашуун документтин долбоору каралууда. Мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди тез арада колдоп берүүбүз кажет”, – деди төрага.

Өз кезегинде Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Аль-Ради жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен да куттуктады.

Муну менен катар Кыргызстан менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосундагы алакалар жигердүү өнүгүп жатканын айткан элчи: “Быйыл Эр-Рияд шаарында кыргыз товарларынын көргөзмөсү, эки өлкө ишкерлеринин жолугушуулары жана жогорку деңгээлдеги көптөгөн иш сапарлар уюштурулду. Ошондой эле жылдан-жылга Сауд Арабиядан Кыргызстандын кооз табиятына кызыгып келген туристтердин саны көбөйүүдө”, – деди. Мындан тышкары, соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттыруу, инвестиция тартуу жаатындагы пикирлери менен бөлүшкөн Ибрахим Аль-Ради Нурланбек Шакиевди Сауд Араб Падышалыгына расмий иш сапар менен барууга чакырды.