Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасына кат жолдоду

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын түштүк-чыгыш аймагында катталган жер титирөөгө байланыштуу аталган өлкөнүн Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопко кат жолдоду.

Көп адамдын өлүмүнө алып келген каргашалуу кырсык тууралуу кабарды кабатырлануу менен кабыл алганын айткан Нурланбек Шакиев боордош түрк калкына Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтты. Ошондой эле жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилеп, кыргыз эли ушундай кыйын учурларда түрк эли менен бирге экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Түркия Республикасынын түштүк-чыгыш аймагында катуу зилзала катталып, кырсыктан көптөгөн адамдар жабыркаганы айтылууда.