Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге II даражадагы “Достук” ордени ыйгарылды.
Сыйлыкты Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында төрага Нурланбек Шакиевге салтанаттуу түрдө тапшырды. Төрага Нурланбек Шакиев ыйгарылган сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип: “Достук” ордени мага берилгени менен мен жетектеген жалпы Жогорку Кеңеш үчүн чоң сыймык. Биз калыптанган кызматташтыкты арттырып, мындан ары да боордош элдин достугун чыңдоо багытында иш алып бара беребиз”, — деди.
Ошондой эле Казакстан Республикасынын президентинин Ардак грамотасы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевге берилди.
«Мекенчил» депутаттык тобунун лидери болуп Кундузбек Сулайманов шайланды. Мындай чечим 31-октябрда депутаттык топтун кезексиз жыйынында кабыл алынды. Бүгүн Элмурза Сатыбалдиев ден...
Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Сыйлуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын...
Депутат Элмурза Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу “Мекенчил” депутаттык тобунун лидерлигинен кетти. Бул тууралуу 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев...
Баялы Досалиев Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Президенттин дагы бир тескемеси менен Нарын...