Төрага селден олуттуу зыянга учураган 4 турак-үйдүн ээсине 200 миң сомдон бөлүп берет

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында жайгашкан Кезарт сайындагы жагдайдан кабар алды.

Алсак, 25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам аталган сайда сел жүрүп, Кара-Суу дарыясын тосуп калган. Натыйжада айылды сел каптап, турак-жайлар жабыркаган. Көпүрөлөр кулап калуу коркунучуна кептелип, инфраструктуралык курулмалар зыянга учураган. Нурланбек Шакиев селден кесепеттери менен таанышып чыгып, Ийри-Булуң, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айылдарынын тургундары менен баарлашты. “Атайын түзүлгөн комиссия кырсыктын кесепеттерин тактап чыгып, жыйынтыгында мамлекет тарабынан бардык керектүү жардамдар көрсөтүлөт. Муну менен катар жаңы көпүрө салуу боюнча долбоор иштелип чыгып, тез арада бүткөрүлөт”, – деген төрага тийиштүү мекемелерди салына турган көпүрөнүн сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле өнүккөн өлкөлөрдө жеке мүлктөрдү камсыздандыруу тажрыйбасы кеңири жайылганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Биздин мамлекетте да мүлктөрдү камсыздандыруу саясаты жигердүү жүргүзүүдө. Жарандар аталган маселеге кайдыгер карабай, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөшү керек. Алсак, быйыл эле жалпы республика боюнча ар кандай деңгээлдеги 170тей сел кырсыгы катталган. Албетте мамлекет алдын алуу жана кесепеттерин жоюу ишине көмөк көрсөтөт. Бирок жарандар да өз мүлктөрүнүн коопсуздугу үчүн кам көрүшү зарыл”, – деди.

Андан тышкары, төрага селден олуттуу зыянга учураган 4 турак-үйдүн ээсине өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сомдон бөлүп берерин билдирди. Муну менен катар жолугушууда бир катар социалдык маселелер көтөрүлүп, оорукана куруу, тез жардам унаасын бөлүү жана өрт өчүргүч кызматын ачуу өңдүү талаптар айтылды. Айрыкча сел жана жер көчкү коркунучтарын азайтуу максатында токой аянттарын кеңейтүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жолугушууда тургундар селдин кесепетин ыкчамдатып жоюуга көрсөткөн көмөгү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылыктарын айтышты. Ал эми төрага көтөрүлгөн ар бир маселени эске аларын, анын ичинен тез жардам унаасын жакынкы аралыкта чечип берүү аракетин көрөрүн кошумчалады.