Төрага Шакиев: «Бишкектеги унаа тыгынын тез арада жоюу боюнча чара көрүү керек»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы жол тыгынын азайтуу боюнча шаардын мэрине тапшырма бергенин билдирди.

«Шаардын мэрине да айттык. Шаардагы эң көйгөйлүү, зарыл чечиле турган маселе — унаа тыгыны. Тыгынды тез арада жоюу иш-аракеттерин тез арада көрүшү керек. Ушул боюнча иш алып барсаңар»,- деди төрага.