Төрага Шакиев: «Окуучулар саат 7деги сабакка баруу үчүн саат 6да ойгонуп жатышат»

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы жол тыгыны боюнча көйгөй көтөрүлдү.

«Бишкек шаарында жол тыгыны өтө чоң маселе болуп жатат. Студенттер саат 10дон баштап окусун деген токтомду өкмөт чыгарган. Экинчи нөөмөттө окугандар да бар, алар кечки саат 8-9га чейин билим алышууда. Мындан улам, жол тыгыны саат 6дан баштап, саат 9га чейин уланып жатат. Бул чечимдин маңызы түшүнүксүз. Экспериментти студенттерге кылбай эле коюшпайбы. Бул чечимди жокко чыгаруу керек», — деди депутат Дастан Бекешев.

Эл өкүлүнүн сөзүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев улап, Дастан Бекешевдин туура маселе көтөргөнүн айтты.

«Жол тыгыны боюнча биздин дарегибизге дагы көп кайрылышууда. Окуучулар саат 7деги сабакка баруу үчүн саат 6да ойгонушу керек болуп жатат. Андан кийин окуу кечки саат 8-9га чейин уланып, тамактануусу 9-10го чейин барып калууда. Бул боюнча Министрлер кабинети маселени зарыл чечиши керек. Абдан маанилүү маселе», — деди спикер.