Төрага Шакиев Аксыга барып, мектептердин курулушу менен таанышты

Кечээ, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин иш сапары Аксы районунда уланды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Алгач төрага Авлетим айыл аймагына караштуу Мукур айылына барып, К.Алымкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебининин курулушу менен таанышты. Буга чейин аталган айылдагы мектеп авариялык абалда экени аныкталып, жаңы имарат куруу үчүн бюджеттен 72 миллион сомдон ашуун каражат каралган. Кийинки жылы колдонууга берилери күтүлүп жаткан жаңы имарат 225 окуучуга ылайыкташкан. Муну менен катар курулуштардын сапатына өзгөчө көңүл буруп, Мукур айылына салынып жаткан мектептин чатырын тез арада жабуу керектигин айткан төрага тийиштүү иштерди убагында бүткөрүүнү талап кылды.

Ушундай эле мектептердин курулуш иштери Чат жана Дардак-Дөбө айылындарында да жүрүүдө. Тагыраагы, Чат айылына курулуп жаткан 150 орундуу К.Кулназаров атындагы мектептин имараты жана спорт залы үчүн 45 миллион сомго жакын каражат каралган. 2018-жылы эле курулушу башталып, бирок аягына чыкпай келген. Нурланбек Шакиев маселени өз көзөмөлүнө алып, кайрадан курулуш иштери быйыл жандандырылды. Аталган айылда фельдшердик-акушердик пункт да салынып, жакынкы аралыкта ишке берилери күтүлүүдө. Ал эми Дардак-Дөбө айылындагы мектептин пайдубалы быйыл эле түптөлүп, 93 миллион сомдук жаңы имараттын курулушу уланууда.