Төрага Талант Мамытов Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинен маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык өз ара байланыштар талкууланды. Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыктарын канаттануу менен белгилешти.  Андагы сүйлөшүлөрдө кабыл алынган бардык келишимдерди ишке ашыруу боюнча эки өлкөдө тең жетиштүү чаралар жүргүзүлөрүн кошумчалаган Талант Мамытов менен Танзила Нарбаева парламенттер аралык жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да ой бөлүштү.

Андан тышкары, жолугушууда «Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогу» платформасы жана гендердик теңчиликти камсыздоо маселелери каралды. Кыргыз тарап алгачкылардан болуп жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квота бөлүү тууралуу ченем ишке ашырылганын маалымдашты. Натыйжада жергиликтүү кеңештерде айым депутаттардын саны көбөйгөнү жүйө келтирилди.

Баарлашуунун соңунда Талант Мамытов Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаеваны Кыргыз Республикасына расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.