Төрөбаев: «Ошто “Коопсуз шаар” аткарылбаганы үчүн жоопкерчилик каралышы керек»

«Отчетто Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору аткарылбаганы айтылып жатат. Бул үчүн жооптуу кызматкердин жоопкерчилиги каралышы керек. Коомдун коопсуздугу биринчи орунда турат”, — деди Бакыт Төрөбаев. Ал бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коллегиясында билдирди.

2023-жылга министрликтин негизги иштеринини бири иштелип жаткан Санариптик кодексти аягына чыгаруу жана архивдик документтерди санариптештирүү каралган. Ошондой эле, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, жогорку окуу жайды бүткөндүгү жөнүндөгү диплом электрондук түргө өткөрүлөт.