Төрөбай Зулпукаровдун адвокаты: «Анда 120 депутаттын бардыгын отургузалы…»

Бүгүн, 25-июнда «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган депутат Төрөбай Зулпукаровдун адвокаттары маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочулардын бири Таалайгүл Токтакунова депутаттын «Кумтөр» иши боюнча камакта отурганына күмөнү бар экенин айтты. Анын айтымында, «Кумтөр» боюнча 3 гана токтом долбоор болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров 2003-жылы депутат болмок түгүл 19 жаштагы жигит болгон.

«Кумтөр боюнча 3 гана — 2003, 2009, 2017-жылкы келишим болгон. Ошол келишимге тиешеси бар адамдар, ошол адамдардын кыймыл-аракети менен мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирсе, «Кумтөр» иши десе болот. Ал эми 2003-жылы Төрөбай Зулпукаров 19 жашта болгон. Азыр ар бир отурган адамды «Кумтөр» боюнча отурат десе, элге жагат. 120 депутаттын кимиси экинчисин долбоорду кабыл алууга багыттаса, анын мээсин ачып туруп, көзүн жумдуруп, кнопканы бастырса, анда бардыгын отургузалы… Эми бул резондуу эле нерсе да. Билели 120 депутаттын ичинен кайсынысы багытталган жана кимди-ким багыттаганын. Ошол үчүн бул «Кумтөр» иши боюнча эмес», — деди ал.

Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган.