“Төрөгөн баламды көрбөй калышым мүмкүн” деген SUPERTV’нын каарманы жарыкка алып келген баласы чарчап калганын айтты

Мындан 1 ай мурун SUPERTV каналы кандын рагы менен күрөшүп жаткан 22 жаштагы Аида Мамажунусованын тагдырын баяндаган. Ошол учурда ал кош бойлуу болчу. Бирок анын канында тромбоцит жок болгондуктан, дарыгерлер анын көз жарышы кооптуу экенин айтышканын да айтып берген. 28 жума болгондо операция жолу менен баланы алып, вакуумга салынарын дарыгерлер каарманыбызга айткан.

Биз каарманыбыз Мамажунусовадан ден соолугун сурап, кабар алган учурда ал баласын төрөгөнүн, бирок наристе чарчап калганын айтты. «Баламды жарык дүйнөгө алып келдим, тилекке каршы 3 күн жашап чарчап калды. Азыр мен химиотерапия алып дарылануумду улантып жатам»,- деди келин.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Банктык эсеп: 2202 2032 3672 5034
Мбанк: 0708 58 99 33