Төрөт учурунда акыреги сынган ымыркай. Дарыгер келин эмне үчүн өзү төрөгөнүн айтты

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө орун алган окуя тууралуу оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Рыскан Алдашева билдирүү таратты.

«Келин бизге 10-августта түшкөн. 14-августта пландуу операция деп чечишкен. Кош бойлуу келиндин толгоосу ал күнгө жетпей, 13-августта башталып калып, күзөттөгү медайымга кайрылган. Ошол түнү 8 төрөт болгон. Оор операция да болот. Баланын башы ылдый болгондуктан өзү төрөйт деген жыйынтыкка келип, өзүн төрөтөт. Төрөт кичине оор болгондуктан, баланын салмагы чоң болуп, акырек сөөгү сынып кеткен. 40 мүнөттөн кийин дарыгер ымыркайды балдар бөлүмүнө алып кеткен. Ошондон бери ошол жерде көзөмөлдө. Азыр болгон дарысын алып жатат. Бизди учурда текшеришүүдө, дарыгерлер колунан келгенин кылышыптыр. Ката болсо дарыгерлер жооп берүүгө милдеттүү», — деди ал.

Буга чейин Ысык-Көлдөгү төрөт үйүндө акыреги сынган ымыркайдын атасы кайрылуу жасаган. Баласынын акыреги сынып, мээсине кан уюп калган айткан ымыркайдын атасы Аман Кыдыралиев дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, президент Садыр Жапаровго кайрылган. Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген.