Төрөттөн эс-учун жоготуп, төшөктө 4 жыл жаткан SuperTV’нын каарманы көз жумганы маалым болду

Мындан 4 жыл мурда 34 жашта болгон Залина Үмөталиева жөнүндө материал даярдалган болчу. Ал төртүнчү наристесин жарыкка алып келүү учурунда эс-учун жоготкон. Ошондон улам өз алдынча кыймылдабай, мурду аркылуу тамактанып калган. Анын мындай абалга келүүсүнүн себебин жакындары айтып беришкен.

Бүгүн, 26-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Залина Үмөталиеванын каза болгону маалым болду. Маалыматка караганда, ал декабрь айында каза болгон.