«Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл өткөрүү жайлары убактылуу жабылат

Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Эркеч-Там-автожол” көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө убактылуу жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

“Торугарт-автожол” жана “Эркеч-Там-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 4-январь күнү атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө ишин улантат.