«Торугарт» жана «Эркечтам» толук кандуу иштеши тууралуу 6-ноябрда жумушчу жолугушуу пландаштырылып жатат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши тууралуу 6-ноябрда жумушчу жолугушуу пландаштырылып жатат. Ага эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Кытайдын  Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Дипломаттын айтымында, «Торугарт» жана «Эркечтамдан» жүктөрдү өткөрүү боюнча учурдагы алгоритмге байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкууланат. «Сентябрдын башынан тартып «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иштеп башташы кытай элинин кыргыз элине карата болгон жакшы мамилесин тастыктайт. Пандемиядан улам өлкөлөр жаңы шарттарга көнүшү керек, бул техникалык гана мүнөздө болот. Анткени карантиндин талаптары өтө жогору», — деди элчи.

Буга чейин базарлар ассоциациясынын президенти Дамира Дөөлөталиева “Кытай менен чек араны ачуу маселесин чечпесеңер, анда 1-ноябрдан тартып бардык базарлар салык төлөөнү токтотот. Бул аргасыздан келип чыккан чара болуп турат” деп билдирген эле. Эгерде маселе чечилбесе, соодагерлер мөөнөтсүз нааразычылык акциясына чыгууга даяр.