Трамп эмес, Байдендин шайланышы Кыргыз өлкөсүнө кандай пайда алып келгени жатат?

АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоо адилетсиз өткөндүгүн  жарыялады. Ал добуштардын кайра саналышын талап кылууда жана митинг өткөрүүнү пландап жатат.

Ал эми АКШнын жаңы президенти боло турган Жо Байден америкалыктарга кайрылып, ал жарышты ишенимдүү жана акыйкат жеңгенин айтты. Байден Трамптан айырмаланып, калк арасында эң көп добуш алганын кошумчалады. Демократтын айтымында, аны 75 миллиондон ашуун жаран колдогон. Мындан тышкары, Байден өзүнүн саясатынын келечектеги иш пландарын бөлүштү. Ал COVID-19, экономика, климат жана расизмге каршы күрөшүү анын башка иштери болорун айткан.

Жо Байдендин шайлоодон утуп чыгышы Кыргыз өлкөсүнө да жагымдуу шарттарды түзчүдөй болуп турат. “Washigton Post” басылмасынын маалыматы боюнча, Байден президенттик кызматка киришкен соң, Трамптын тушундагы 7 өлкөнүн жарандарына карата АКШнын аймагына кирүүгө тыюу салууну жокко чыгарат. Ал 7 өлкөнүн ичинде Кыргыз мамлекети да бар эле.

Баса, бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жо Байденди Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине шайланышы менен куттуктады.