Транспорт министри: «Орусияга аба каттамдарын көбөйтүү керек»

Орусияга аба каттамдарын көбөйтүү керек. Мындай тапшырманы Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев Жарандык авиация агенттигине берди. Анын айтымында, жок дегенде “Бишкек-Новосибирск” боюнча бир каттам коштурууну суроо зарыл.

“Пандемия учурунда биздин жарандар мекенине кайтып, эми кайра учуп кете албай жатышат”, — деди министр. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев ансыз деле Новосибирск, Екатеринбург, Санкт-Петербургга багыт алган каттамдарды кошууну Орусиядан сурап жатышканын билдирди.

Вице-премьер Артем Новиков кыргыз тарап бардык керектүү уруксаттарды бергенине карабай, Орусияга аба каттамдарын көбөйтүү боюнча маселе чечилбей жатканын айтты. “Азыр маселе толугу менен орусиялык тараптын кароосунда. Мында коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу кырдаалды да эске алуу керек”, — деди Новиков.

Бул маселе Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өткөн аптада Орусияга барган иш сапарында да көтөрүлгөн эле.