Бүгүн, 29-декабрда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы алдында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү.
Жыйынга министрликке караштуу түзүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана борбордук аппараттын бөлүм башчылары катышты.
Анда тармактагы актуалдуу маселелер талкууланып, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун курулушунун жүрүшүнө байланыштуу транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары, Жол чарба департаментинин директору, «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директору, «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарына сөгүш берилди.
Ведомство жетекчиси аталган жолдун курулушун Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.