Транспорт министри: «Төө-Ашууда кар токтобой жаап жатат»

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар токтобой жаап жатат. Кар тазалоо, кум себүү иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу транспорт  министри Тилек Текебаев билдирди.

«Чынжыры жок чыккан оор жүк ташуучу унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен өйдөгө чыга албай жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда. Төө-Ашууда жеңил унаалар тосколдуксуз эки тараптуу өтүп жатышат. Алыскы жолго кышкы дөңгөлөк менен чыгыңыздар, 500 метр аралыкты сактаңыздар. Ашууларда кар тынбай себелеп жатат», — деп жазды министр.