«Жолдордо чуңкурлар жок» дейт транспорт министринин орун басары

Депутат Тазабек Икрамов жол кызматтары качан сапаттуу жолдорду кура баштарына кызыкты.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 22-ноябрдагы жыйынында ал республиканын жолдору коркунучтуу экенин айтты: жайында полотно төшөлүп, күздүн келиши менен жамгырда ал жуулат, кыштын башталышында жолдордо чуңкурлар пайда болуп, унааларды гана эмес, басууга да мүмкүндүк бербейт.

Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев быйылкы жылы аталган башкармалык 375 чакырым жолдун курулушун бүткөрүп, 15ке жакын объекти калганын айтты. «Согуш маалында деле мынчалык адам каза болгон эмес! Жолдун начардыгынан адамдар кырсыкка учурап, кырсыктан каза болуп жатышат. Качан сапаттуу жолдорду куруп баштайсыңар?» — деп сурады Икрамов.

Министрдин орун басары жол кырсыгынан каза болгондордун саны көбөйүп жатканын, бирок жолдун сапатына эмес, айдоочулардын рулда уктап каларын айтты. Депутат белгилегендей, айдоочулар чуңкурлардан качууга аракет кылып, кырсыкка кабылышат.

«Айдоочуларды ойготуу үчүн тешиктерди таштап жатасыңарбы?» – деп ачууланды. Бирок Кайынбаев трассаларда чуңкурлар жок экенин айтып, каршы чыкты.