Эсептөө палатасы: Транспорт министрлигинде 1,2 миллиард сом каржылык бузуу аныкталды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

27-январда Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана Министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын 2021-2022-жылдар аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды. Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, аныкталды.

Атап айтканда:

Аудиттин жүрүшүндө, жалпы, 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 366 миллион 630,3 миң сом;
мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 57 миллион 283,3 миң сом;
эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу – 214 миллион 824,1 миң сом;
мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 612 миллион 670,5 миң сом;
ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу жана процессуалдык бузулушу –  47,4 миң сом.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдарын укуктук баа берүүүчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.