Транспорт министрлигинин алдындагы чуңкур видео тараган соң жамалды

Кечээ, 29-мартта социалдык тармактагы баракчаларда Транспорт министрлигинин имаратынын алдындагы жолдогу аңдын видеосу тараган.

Бүгүн, 30-мартта аң-чөнөк жолчулар тарабынан жамалганын билдиришти. «Исанов көчөсүндө жайгашкан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имаратынын алдында аң-чөнөк пайда болгон тилке Бишкек мэриясына таандык. Өлкөбүздөгү жолдордун бир бөлүгү муниципалдык жолдор болуп саналат жана шаарлардын балансында турат, аларды шаардык жол кызматтары тейлейт. Министрликтин басма сөз кызматы кайдыгер эмес ЖМК өкүлдөрүнө жана блогерлерге жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдирет», — деп айтылат маалыматта.