Троллейбустар «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын аймагына убактылуу жайгаштырылат

Бишкек шаарында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен эки троллейбус автобазасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулууда.

Бүгүнкү күндө эки автобазада турган троллейбустар капиталдык оңдоого тоскоолдук жаратууда. Буга байланыштуу троллейбустар Коргоо министрлигине караштуу «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын аймагына убактылуу ташылып жатат. Борбор калаада троллейбус каттамдары токтотулган. Алардын ордуна эл аралык талаптарга жооп берген заманбап электр бустар келет.

Борбор калаада 56 каттам боюнча 1200дөн ашык автобус иштейт. Өз кезегинде троллейбустук каттамдардын ордуна жаңы автобус линиялары ишке киргизилди.